Биз менен байланышыңыз

Жөлөк пул 3000 сомдон болот, — деп тарап жаткан маалымат — калп

Кыска кабар | 16 Мар 2021 | 1583 | 3

«Президент Садыр Жапаров 3 же анда ашык баласы бар үй-бүлөлөргө 3 миң сом өлчөмүндө социалдык жөлөк пул төлөө жөнүндө жарлыкка кол койду» деген маалымат — жалган. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинин маалымат кызматы тараткан билдирүүдө айтылат.

Эскерте кетсек, буга чейин социалдык тармактар жана WhatsApp аркылуу «3 же андан ашык баласы бар үй-бүлөлөргө жөлөк пул катары 3 миң сомдон жардам берилет экен» деген маалымат тараган.

Буга байланыштуу министрлик жарандардан туура эмес маалыматтарды жайылтпоону жана коомчулукту адаштырбоону суранат.

3 пикир

3 пикир

  1. Калыбекова жибек

    16.03.2021 21:38

    Эмнеге калп болмок эле туура эле жолок пулду жойбош керек баатыр энелердин пасобиясын кыркып салышат анан баатыр эне деп койушат баатыр энени котрмолоп пасобияларын чектеп берип койсонуздар жакшы болот эле сен иштейсин сенин малын, тамын машинен клемин жб ларын бар деп кыркып койушат акча бергендердикин чыгарып беришет карапайымдардыкын кыркып койушат ушуну жакшы карап калыстык кылып пасобияны кырктырбай жалпы элдин пасобиясын чыгартып берип койсонуздарды суранамын акчалуулар пасобия алалышат акчасы жоктор алабай калышат.

  2. Айтбу

    31.03.2021 00:03

    Жакшы болмок тегиз жолок пул чыгарса угуп алып суйунуп отурганбыз Садыр Жапаровдун президент болгону жакшы болду элди которот деп

  3. Айтыманова Назгул

    31.03.2021 09:55

    Ушул жолок пул маселесин президентибиз чечип берсе болмок азыр баары кымбат

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM