Биз менен байланышыңыз

Дүйнө боюнча эң көп курал Жакынкы Чыгышка сатылган

Дүйнө , Кыска кабар | 16 Мар 2021 | 639 | 0

АКШ, Орусия, Франция, Германия жана Кытай дүйнөдөгү эң көп курал экспорттоочу өлкөлөрдүн алдыңкы сабында турат. Ал эми куралды көп импорттоо боюнча Жакынкы Чыгыш мамлекеттери  алдыда турат, анын ичинде Сауд Аравия менен Катарга көп импорттолот.

Стокгольмдогу Эл аралык Тынчтыкты Изилдөө Институтунун (SIPRI) билдирүүсүндө, акыркы 10 жылда глобалдык курал сатуу өзгөргөн эмес. Бирок билдирүүнүн авторлору пандемиянын кесепеттеринен кийин кырдаал өзгөрүшү мүмкүн деп жатышат.

Учурда Кошмо Штаттар курал экспорттоо боюнча дүйнөдө алдыңкы орунду ээлейт, анын үлүшү дүйнөдөгү жалпы курал сатуунун үчтөн бир бөлүгүнөн ашыгын түзөт. Акыркы 5 жылда АКШнын курал-жарак экспортунун үлүшү 32 пайыздан 37 пайызга чейин өстү.

Орусия 2-орунда турат, бирок 2016-жылдан бери анын экспорту 18 пайызга төмөндөгөн. Мунун негизги себеби Индияга курал экспорттоонун эки эсеге азайганында.

Курал-жарак экспорттоо боюнча кийинки орундарды Франция менен Германия ээлейт. Бул өлкөлөр акыркы 5 жылда курал-жарак экспортун рекорддук деңгээлге көтөрө алышты. Тактап айтканда, Франция курал сатууну 44% га, Германия 21% га көбөйттү. Француз куралдарынын негизги сатып алуучулары — Индия, Египет, Катар, ал эми Германияныкы болсо — Түштүк Корея, Алжир жана Египет.

Кытай да курал сатуу боюнча алдыңкы бештикке кирди. Акыркы беш жылда алардын курал экспорту 7,8 пайызга төмөндөгөн. Кытай куралын негизинен Пакистан, Бангладеш жана Алжирге сатат.

Билдирүүгө ылайык, Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнөн курал-жарак импортунун көлөмү 2016-2020-жылдары 25%га көбөйгөн. Буга көбүнчө Сауд Аравия (61%га жогорулаган), Египет (+ 136%) жана Катар (+ 361%) себеп болгон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM