Биз менен байланышыңыз

Азат Базаркулов «Альфа Телекомго» кайрадан жетекчи болду

Кыска кабар | 16 Мар 2021 | 781 | 0

Азат Базаркулов кайрадан «Альфа Телеком» Жабык акционердик коомунун башкы директору болуп дайындалды. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун маалымат кызматы билдирди.

Эскертек кетсек, Азат Базаркулов 2012-жылы «Мегаком» компаниясына жетекчи болуп дайындалып, 6 жыл иштеген.

«Альфа Телекомдун» башкы директору Акылбек Жамангулов өз арызынын негизинде кызматтан бошотулду. Ал бул кызматка 2018-жылы келген.

Copyright © 2017 Maral FM