Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда 100 кемпирге 55 абышка туура келет

Кыска кабар | 15 Мар 2021 | 650 | 0

Аялдар эркектерге караганда 8 жылга узагыраак жашайт. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети даярдаган баяндамада айтылат.

2020-жылдын 1-январына карата Кыргызстанда 6,5 миллион адам жашаган, алардын ичинен аялдардын саны 3,3 миллионду, эркектердин саны 3,2 миллионду түзгөн.

Ошол эле учурда жыл сайын эркек балдар кыздарга караганда көбүрөөк төрөлөт, тактап айтканда, 100 кызга 105 эркек бала туура келет.

Анткен менен 40 жашка чейинки куракта аялдар менен эркектердин саны дээрлик бирдей болгону менен 40 жаштан жогорку курактагы аялдар ушул курактагы эркектерден көбүрөөк экени белгилүү болгон.

Ал эми 80 жашка жеткен же ашкан кемпирлердин саны абышкаларга караганда дээрлик 2 эсе көп, тактап айтканда, 100 кемпирге 55 абышка туура келет.

2019-жылдагы каттоо боюнча аялдардын өмүрүнүн узактыгы орточо 76 жашты, ал эми эркектердин 68 жашты түзгөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM