Биз менен байланышыңыз

«Ички саясат туруктуу болмоюнча, коңшу өлкөлөргө уттура беребиз»

Кыска кабар , Пикирлер | 15 Мар 2021 | 811 | 0

Тиешелүү жетекчилерден чек ара маселесин эрте чечүүнү талап кылган туура эмес. Анткени бул маселе кылдат мамилени талап кылат. Мындай пикирин «Чек ара» коомдук бирикмесинин өкүлү Гүлжигит Исаков «Маралга» берген маегинде билдирди.

«Биз сөздү Жерге-Тал, Мургабдан башташыбыз керек. Бир ок атылбай туруп, жерлерибизди ижарага берип койдук. Бизде кадр саясатында башаламандык бар. Ички саясат туруктуу болмоюнча, Кыргызстан коңшу өлкөлөр менен сүйлөшүүдө уттуруп коё берет. Анткени тышкы саясат — ички саясаттын уландысы», — дейт Исаков.

Анын айтымында, Кыргызстан сууну Өзбекстанга рычаг катары колдонсо болот. Маселени чечүү үчүн эрк, компетенция керек.

Мындан тышкары, Өзбекстанда жашаган кыргыздарды да инструмент катары колдонууга чакырды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM