Биз менен байланышыңыз

Жолдошбаев 59 млрд 500 млн сомду чыгарып кеткен делип изделүүдө

Кыска кабар | 15 Мар 2021 | 1695 | 0

Жолдошбаев Бахтияр Сатышевич өлкөдөн ири көлөмдөгү акчаны мыйзамсыз чыгарып кетүү фактысы менен изделүүдө. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет кабар таратты.

Маалым болгондой, аталган жаран мамлекеттен 59 млрд 500 млн сомду мыйзамсыз чыгарып кетүүгө катышы бар делип шектелүүдө. Бул иш Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренесинин 1-бөлүмү менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Ачык порталдарда 1973-жылы туулган Жолдошбаев Бахтияр Сатышевичтин 2015-жылдан бери «Асцентура Аудит» ЖЧКсынын директору экени көрсөтүлгөн.

УКМК аталган шектүүнүн жүргөн жери тууралуу кандайдыр бир маалымат болгон болсо, мекеменин нөөмөт бөлүмүнө 0312-62-05-85, 0312-66-04-75; 0555-55-30-46 номурлары аркылуу кабарлап коюуну өтүнүп, анонимдүүлүккө кепилдик берилерин эскертет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM