Биз менен байланышыңыз

Коронавирустан 2 бейтап каза тапты

Кыска кабар | 15 Мар 2021 | 677 | 0

Кыргызстанда бир суткада коронавирус 67 адамдан табылып, экөө каза тапты. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдирди.

Вирустан каза тапкандар Бишкек шаарында болушкан.

Жаңы катталган учурлар боюнча:

Бишкекте – 43 адамдан, Ош шаарында – 3, Ысык-Көл облусунда – 4, Чүй облусунда – 16, Жалал-Абад облусунда – 1 кишиден коронавирус табылган.

Ал эми бир сутка ичинде 39 адам коронавирустан айыгып чыккан.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 345 бейтап, амбулатордук түрдө 275 адам дарыланууда.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча медициналык кызматкерлер арасында коронавирус жуктуруп алган бир учур катталды. Пандемия башталгандан бери 4 миң 208 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 195 медкызматкер айыгып чыкты.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 86 миң 917 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 83 миң 875 киши айыгып чыкса, 1 миң 483 адам каза болду.

Copyright © 2017 Maral FM