Биз менен байланышыңыз

Руслан Акун: Кыргыз киносун дүйнөлүк деңгээлге чыгаруу кыялым бар

Блог , Кыска кабар , Пикирлер | 14 Мар 2021 | 1109 | 0

«Көк бөрү», «Апамды издеп», «Салам, Нью-Йорк» өңдүү бир катар тасмалардын режиссёру Руслан Акун «180 градус» программасында конокто болуп, кыргыз киносунун келечеги, актёрлердун түйшүгү, кино тармагына мамлекеттин салымы жана башка жагдайлар тууралуу айтып берди.

— Кыргызстан үчүн эле эмес, казак эли үчүн да кызык, маанилүү адамга айланыпсыз. Бул сиздин максатыңыз беле же эмгектериңиздин арты менен таанылдыңызбы?

— Кыргыз тасмаларын Орто Азияга эле эмес, дүйнөгө алып чыксак деген чоң кыялым бар. Кесиптештериме, менден кеңеш сурагандарга: «Кыргызстан менен чектелбегиле, сыртка чыгалы, талант бар», — деп айтам. Кыргызстандын тасмаларынын келечеги чоң. Анткени азыр тасмаларды карап көрсөңүз, казак, кавказ, тажик, татар боордоштордон көп комментарий келет. Бара-бара түрк дүйнөсүнө жакшы тасмаларыбыз менен чыга алабыз деген ишенимдемин.

— Бул ишенимди кайсы факторлор пайда кылды? 

— Бир нерсени кылып көргөн соң ишенем (күлүп). Мен 9-класска чейин эч окуган эмесмин. 9-класста линейка учурунда адатымча кыздардын чачынан тартып тийишип атсам, мектеп директору кулагымдан чоюп, ортого чыгарып урушуп койгон. Бир кезде директор баскетболдун кайыш тобун алып чыкты. Ал кезде андай топ жок болчу, жыртык топ таап алсак сүйүнчүбүз. Директор: «Мээрим деген кыз бар, эсиңердеби? Ал конкурстан утуп, Далласка барып окуп жатат. Ушул топту жана өзүнүн сүрөтүн бизге салып жиберди», — деди. Мен ошол жерде ойлонуп, «Мээрим кыла алса, эмне үчүн мен кыла албайм?» — деп өзүмө суроо бердим. Ошол учурдан тарта окуп, Америкадан билим алдым. Биздин элдин канында киного болгон жөндөм бар. Ошондуктан биз дүйнөгө чыга алабыз.

— Акыркы жаралып жаткан тасмалар боюнча коомдо: «Баары үй-бүлөлүк маселелер менен чектелген комедияга айланып кетти», — деген сындар айтылып жүрөт. Режиссёрлордун көпчүлүгүнүн эмгегин сын көз караш менен кароого болот. Режиссёрлор кийинки тепкичке көтөрүлүшү үчүн эмне жетишпейт? 

— Бул — «тыйындын эки бети бар» дегендей маселе. Бир четинен бизде грант, каржылык колдоо жок, тасманы өз акчасына тартышат. Экинчиден, көп каражат жок. Анткени көрүүчүлөрдүн саны чектелүү. Көрүүчү тасманы көрөрдө эс алып, көйгөйлөрүн унутуп, көңүлдүү отурууну каалайт. Бул да өзүнчө терапия болгондуктан, комедияга талап көп. Комедия тартуу — салыштырмалуу арзаныраак. Мындай тасмаларды тартуу жеңил сезилгени менен — эң оор. Сиз айткан маселе бара-бара оңолот. Мурда көрөрмандар Голивуддун кинолоруна жапырт барышса, учурда кыргыз тасмаларына барып жатышат. Али баары алдыда.

— Бизде кино тармагында мамлекеттик колдоо, буюртмалар жок. Бул режиссёрлор үчүн канчалык зарыл? 

— Бир четинен бул туура, мамлекет кино тартууга акча бербеши керек. Мамлекеттик буюртма болсо, «кино элге жаксын, популярдуу болсун» деген максат унутулат. Болгону бөлүнгөн бюджетке кино тартып берүү негизги нерсеге айланат. Аны коомчулук көрөбү, көрбөйбү, ошол — көйгөй. Казакстанда деле ушул көйгөй бар. Буга чейин тартылган тасмалардын көбү адамдарга жакпайт. Кыргыз өкмөтү калыптанып калган эски нерселерди өзгөрткүсү келбейт. Маселен, бизде мааниси жок, эч ким көрбөгөн даректүү тасмаларга көп каражат жумшалат. Менимче, өкмөт ошончо акча короткончо, Кыргызстанга эң алдыңкы кино жабдууларын, материалдарын алып келип бериши керек. Кино тартуучулар кезекке туруп, жабдууларды акысыз алышы зарыл. Кыргызстанда адамдардын кан басымы жогору экенин көпчүлүк билбейт. Тасмага муну камтый кетүүгө болот. Натыйжада, мамлекетке керектүү идеологияларды жеткирүүгө шарт түзүлөт. Бир кино үчүн каражат бөлүү кыргызды жакшылыкка үндөй алабы, бул — чоң суроо. Анын ордуна жабдууларды алып, кезек-кезеги менен берсе, жылына көп кино тартылат. Тасма — идеологиянын эң чоң куралы. Анткени адамды эмоцияга бөлөп туруп, айтар сөздү айтканда, сиңимдүү болот. Бул ыкманы түрктөр жакшы колдонот, ошого жараша эли да мекенчил. Акча жок деген туура эмес. Акча бар, болгону туура эмес сарпталууда.

— Кайсы баалуулуктарды идеология катары кино тармагында колдонууну туура көрөсүз?

— Өтө көп. Мисалы, биз «Эки баатыр» тасмабыз аркылуу «кыргыз кыргызды сатпайт, ачка калтырбайт» деген ойду бергибиз келген. Билимдүү элди эч ким чабыштыра албайт. Адегенде «Заманбап кыргыз кандай болушу керек?» деген суроого жооп беришибиз зарыл. Менимче, билимге көп көңүл буруу кажет. Болбосо эч кимге керегибиз жок болуп, артта калышыбыз мүмкүн. Жасалма интеллекттин арты менен көп иштер жоюлат. Билимди мамлекеттен күтпөй, үй-бүлөлүк деңгээлде көңүл буруу абзел. Алсак, кичинекей балдар Youtube көрсө, англис тилиндеги видеолорду көрсүн. Биздин бир эле оңоло турган нерсебиз бар. Жашоо бат эле жакшы болуп кетет деген ойдон алыс болуу керек. Бирок балдарыбыздын тарбиясына көңүл бурсак, келечекте баары өнүгөт, турмуш жакшырат.

— Студент болгондо алгач экономика тармагында билим алып, бирок орто жолдо азыркы багытты тандап алган экенсиз. Азыркы учурда дипломду сыйкыр катары көргөн түшүнүктөгү адамдар жок эмес. Критикалык ой жүгүртүү жетпей тургандай. Бул канчалык манилүү фактор?

— Жаш кезимден кинорежиссёр болууну самайт элем. Бирок ата-энем: «Окууну аяктаганда, жумуш таба алчудай адистикти тандабайсыңбы», — деп калды. Мамлекеттик университетте экономика багытында окудум. Биздин ЖОЖдор кыйратып деле билим бербейт, отуруп алып лекцияны көчүрө бересиң же тушүнбөйсүң. Андыктан бул жаатты толугу менен карап чыгуу керек. Экинчиден, дипломдун кереги жок. XXI кылымда адам өмүр бою, үзгүлтүксүз билим алышы керек. Бүгүн үйрөнгөн нерсең 2-3 жылда эч кимге кереги жок болуп калышы ыктымал. Андыктан улам жаңы программа, ыкмаларды өздөштүрүү талап кылынат. Билим болсо, дипломду эч ким сурабайт. Өзүң сүйгөн иштин ырахаты да башкача. Көпчүлүк кыргыздар баланын жөндөм-шыгына көңүл бурбайбыз. Бала өзү менен өзү чоңоё берет, биз элдин балдарына салыштырып баштайбыз. Бала кызыккан нерсесин жасаса, жакшы жыйынтык чыгат. Ата-энелер баланын талантын, жөндөмүн ачканга көп көңүл бурушу керек. Кызыгуусу бар адамды токтото албайсың.

— Тасмаларыңызда Кыргызстандын кооз жерлерин тартат экенсиз. Муну менен эмнени бергиңиз келет?

— «Көк бөрү» тасмасында 2-3 мүнөттүк сюжет үчүн Сары-Челекке барып, 3-4 саат тартып кайтканбыз. Кино тармагына жаңы келген балдар: «Ушул үчүн алыстан келдикпи?» — дешкен. «Көк бөрүнү» коңшу өлкөлөр, чет элдиктер көп көрөрүн билгем. Ошондуктан жаратылыштын кооз жерлерин тартууга артыкчылык берем. Тасманы көргөн адамдардын 0.1 пайызы өлкөбүзгө келсе да пайда. Ошондуктан эринбей барып тартканбыз. Ал эми «Эки баатыр» тасмасында көп кооздогон жокпуз. Кандай болсо ошондой көрсөтүүгө аракет кылдык.

— Кино тармагында да атаандаштык пайда болду. Кесипкөй эместер четке сүрүлүп калууда. Бул нерсени кыргыз киносундагы керемет доордун кайтып келе жатканы деп айтууга болобу? 

— Антип катуу кыйкырык менен чыккан болбойт го. Учурда эл ылгап калды. Сандан сапатка баратат. Мурда атаандаштык да, контент да аз болчу. Теледе көп болсо, 4 канал бар, интернет жок эле. Азыр атаандаштык өтө чоң. Аны жеңүү үчүн көп тажрыйба керек. Ал кайра-кайра кино тартуудан жаралат. Биз азыр өсүп жатабыз. Азыр да биздин автордук тасмалар дүйнө жүзүндө аябай күчтүү.

— Көрүүчүлөрдүн тасмасына келсек, башка жактын кинолорун байкасак, биздин режиссёрлор алардан эмнени үйрөнө алат? 

— «Апамды идеп» тасмасын түрк, орус актёрлору менен кайра тартып чыгаралы дегенбиз. Түштүк Корея менен салыштырсак, аларда сөз эркиндиги бар. Дүйнөнү таң калтыруу үчүн коркпой өз оюңду айтышың керек. Анын баары ички эркиндиктен жаралат. Бизге чеберчилик жетишпейт, ал тажрыйба менен келет.

— Режиссёр кинонун сатылышына да карайт. Учурда алар эмнеге даяр болушу зарыл? 

— Эл үчүн кино тартууну кааласа, коомчулуктун талабын билиши кажет. Эң көп эмоция берген нерселерди аныктоо зарыл. Мисалы, мен ар түрдүү курактагы 50дөй кишини чогултуп, тасманы көрсөтөм. Аларга атайын камера коюп коём. Бир жерде бирөө телефон чукуп же көңүлсүз отурса, демек ал жерде ката бар. Барып дароо оңдойм. Бул ыкма Америкада колдонулат. Эл менен бирге жүрүү керек. Мен такси менен жүргөндү жактырам да, таксисттер менен маектешип кетем. Режиссёр көрүүчүлөр менен аралашып жүрүшү керек.

— Актёрлорду өзүңүз тандайсызбы же бирөө дайындап береби? Өлкөдө актерлордун өндүрүшү кандай болуп жатат? 

— Бишкектей 5-6 шаарыбыз болгондо кино тармагы жакшы өнүкмөк, актёрлор башка өлкөлөрдөгүдөй жылдыз статусуна ээ болмок. Бизде андай статус жок, тапкан маянаң жылдыз статусуна дал келбейт. Биздин актёрлор азыркы акысынан 10 эсе көп каражат алышы керек. Андай акча берген учурда, тасма акталбайт. Өзгөчө жаштар актёр болууга кызыгат. Таанымал болуп кетсе, маршруткага түшкөндөн уялып калышат. Акча, статус үчүн эмес, ички сезимге кандайдыр бир кубат алып келсе, актёрлукка баруу кажет. Биз алгач актёрлердун каарманга дал келүүсүн карайбыз. Кастингдин негизинде тандалып алынат. Бул да — оор процесс.

— Ролду ийне-жибине чейин аткарган актёрлер жетиштүүбү?

— Улуу муунда, орто муунда мыкты актёр, актрисаларыбыз бар. Жаштардын арасында да тубаса таланттуулар чыгат. Гыгына да карайсың. Кыйын актёрлор көп, бир гана биз аларды баалай албайбыз. Көбү кетип, кызыкпай калышат. Чыгармачыл адамдар сезимтал болушат. Актёрлорду көбүрөөк колдошубуз абзел.

— Кыргыз киносунун масштабы кандай негизде кеңейет? Кандай чакырыктарга даяр туруу керек? 

— Жалгыз үмүтүбүз — жаш таланттар. Коркпой аракет кылышыбыз керек. Биз өзүбүзгө чектөө коюп коёбуз.

— Эмне үчүн «Эки баатыр» тасмасын көрүшүбүз керек? 

— «Эки баатыр» тасмасынын жанрын аныктоодо кыйынчылык жаралды. Анткени комедия эмес деп айтайын десек, күлкүлүү жерлери көп. Ошол эле учурда комедия десек, жеңил-желпи маанисиздей угулат. Тасмада көйгөйлөрдү чагылдырууга аракет кылдык. Ошол эле учурда маанилүү нерселерди камтый кеткенбиз. Биздин жамаат өзүнүн эмгегин аяган жок. Пандемия учурунда болгон чектөөлөр менен тарттык. Эгерде идеяга ишенбесек, анчалык аракет кылып, тырышмак эмеспиз. Кыргызга керектүү тасма болду. «Эки баатыр» тасмасы 8-марттан тарта Ош, Бишкек шаарларынын бардык кинотеартрларында, бир-эки жумадан соң башка облустарда да көрсөтүлө баштайт.

— Тасмаларыңызда кыргыздын турмуштук, мамлекеттик деңгээлдеги көйгөйлөрүн камтыйсыз. Чечим кабыл алууга келгенде мамлекет капарга албаган кездер сизди өкүндүрөбү? Сиз мындай чакырык менен эмнени көздөйсүз?

— Жашоонун аягында жок дегенде «эч нерсе кылбадым» деген өкүнүч болбойт. Мен колумдан келгенди кылдым. Тасмалар аркылуу ой-сезимди элге таратууга аракеттендим. Болуп калса сүйүнөм, болбой калса, жок дегенде өкүнбөйм.

Рахмат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM