Connect with us

Беш районго 144 миң 174 долларлык жер семирткич жана үрөн берилет

Кыска кабар | 13 Мар 2021 | 507 | 0

Кыргыз Өкмөтү азык-түлүк коопсуздугунун алдын алуу жана негизги азык-түлүк товарларына болгон бааларды турукташтыруу максатында бир катар иштерди жасады. Бул тууралуу Өкмөттүн аппаратынын маалымат кызматы билдирди.

Маалым болгондой, Өкмөт тарабынан төмөнкүдөй иштер аткарылган:

— 2021-жылдын 8-июлуна чейин өлкөдөгү айрым товарларды экспорттоого тыюу салынды;

— Ун чыгаруучу ишканаларга 8% менен 10 айлык мөөнөткө жеңилдетилген насыя берүү чечими кабыл алынды;

— БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму менен өлкөнүн Кара-Суу, Ноокат, Сузак, Ат-Башы, Кочкор райондорундагы фермерлерге жалпы суммасы 144 миң 174 АКШ долларын түзгөн 24,5 тонна дизелдик отун, 133,9 тонна жер семирткич жана 70,16 тонна үрөн берүү келишими түзүлдү;

— Мамлекеттик материалдык резервдер фонду аркылуу 3 миң тонна көлөмдө кумшекер жана 1000 тонна көлөмдө өсүмдүк майын сатып алуу үчүн Өкмөттүн чечим-долбоору иштелип чыкты;

— Соода тармагын түзүү аркылуу соода-сатык иштерин жүргүзүүчү чарбалык субъектилер менен чарбалык өндүрүүчүлөрдүн жана азык-түлүк товарларын импорттоочулардын ортосунда социалдык маанидеги товарлардын бааларын кармап туруу боюнча иш-чаралар жөнүндө макулдашуу түзүлдү, ал 2021-жылдын 9-мартында күчүнө кирет жана 2021-жылдын 1-июнуна чейин күчүндө болот.

Макулдашуунун предмети 4 түрдөгү азык-түлүктүн бааларын колдоп туруу боюнча чараларды кабыл алуу: күн карама майы (премиум сегментсиз), 1-сорттогу ун, кумшекер (таразалануучу), 1-сорттогу ундан жасалган нан. Товар ташуучулар жана соода уюмдары Макулдашууга кумшекердин жана нандын дүң жана чекене баасын белгилеп турууга, ошондой эле ташуучулар жана соода түйүндөрү үчүн 1-сорттогу ун жана өсүмдүк майына карата мүмкүн болгон бааны белгилөөгө макулдашышты.

Мындан тышкары ата мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоо жана жарандарга азык-түлүк продуктуларын дүң баада жана ортомчусуз алууга шарттарды түзүү максатында Бишкек жана Ош шаарларында, облустук жана райондук борборлордо айыл чарба жарманкелери туруктуу негизде өткөрүлүп жатат.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM