Биз менен байланышыңыз

Издөөдө жүргөн Болгария жараны Кыргызстандан кармалды

Кыска кабар | 12 Мар 2021 | 618 | 0

ИИМдин Интерпол Улуттук борбордук бюросунун кызматкерлери эл аралык издөөдө жүргөн Болгариянын жаранын кармады. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, ИИМдин Интерпол Улуттук борбордук бюросу Бишкек шаардык ИИББнин патрулдук милициясы менен биргеликте жүргүзгөн ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө 1970-жылы туулган К.Г аттуу жаранды кармашкан.

Ал — Болгариянын жараны, 2010-жылы өз өлкөсүндө ири өлчөмдөгү каржы алдамчылыгы, салык төлөөдөн качуу сыяктуу кылмыш иштерин жасаганы 2018-жылы аныкталып, эл аралык издөөгө алынган.

Тергөөнүн жүрүшүндө аныкталгандай, кармалган жаран Бишкекке 2018-жылы келип, тергөөдөн жашырынып жүргөн. Ал тургай бул жактан жергиликтүү тургунга үйлөнүп алууга үлгүргөн.

Учурда кылмышка шектүүнүн кармалганы боюнча Болгариянын борбору Софиядагы Интерпол Улуттук борбордук бюросуна кабар берилди. Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык, экстрадициялоо маселесин Башкы прокуратура чечет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM