Биз менен байланышыңыз

Сыймык Жапыкеевге генерал наамы ыйгарылат

Кыска кабар | 12 Мар 2021 | 591 | 0

Жакында эле жоюлган Финполицянын мурунку жетекчиси Сыймык Жапыкеевге генерал-майор чинин ыйгаруу боюнча президенттин буйругу чыккан. Бул тууралуу Жапыкеевдин партиялашы Асхат Осмонов Фейсбук баракчасына жазды.

Анын айтымында, азыр Жапыкеевге аскердик чинди расмий тапшыруу аземи боло элек. Бирок бул тууралуу маалыматты Сыймык Жапыкеев өзү ырастап, буйрук тууралуу сүрөттү санаалаштарына жиберген.

Белгилей кетсек, президенттин бул буйругу 4-март күнү чыккан. Ал эми 5-мартта Финансы полициясы толугу менен жоюлуп, алардын ишмердүүлүгү УКМКнын коррупция менен күрөшүү кызматына өткөрүлгөн.

Сыймык Жапыкеев Финансы полициясынын башына октябрдагы башаламандыктардан кийин келген. Ал бул кызматты 5 ай аркалады.

Сыймык Жапыкеев Финполдун жоюлушу тууралуу пикирин билдирди

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM