11-мартта «Башмыйзамдын жаңы редакциясын референдумга алып чыгуу жөнүндө» мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш үч окууда колдоду. Добуш берүү күнү абактагы депутат да парламентке келди.
Конституциянын жаңы долбоорун референдумга алып чыгуу үчүн жетиштүү добуш топтоо максатында абакта жаткан депутат да бошотулду. Тагыраагы, коррупцияга шектелип, эки айга камакка алынган эл өкүлү Дүйшөн Төрөкулов аталган мыйзамга добуш берерде парламентке келди.
Ал журналисттердин суроолоруна жооп берип, Конституциянын жаңы долбоору талкууланып жаткан мыйзамга биринчи окууда кантип добуш бергенин түшүндүрдү. Көрсө, кесиптеши Акылбек Жапаровго ишеним кат берген экен. Бирок кайсы мыйзам боюнча бергенин ачыктаган жок.
Ал ортодо Бишкектин Биринчи Май райондук соту депутат Дүйшөн Төрөкуловдун баш коргоо чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгарганы белгилүү болду. Сотттун басма сөз кызматы Төрөкулов тергөө бүткөнчө үй камагында болорун кабарлады.
— Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 10-марттагы чечимине ылайык, шектүү Дүйшөн Төрөкуловго карата мурда тандалган камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы үй камагына өзгөртүлдү. Шектүү 2021-жылдын 15-майына чейин үй камагында болот.
Парламент депутаттары мурунку сессияда референдумду 11-апрелге белгилөөнү биринчи окууда колдогон. Анда 87 депутат макулдугун берип, 9у каршы болгон. Мыйзамды колдогон депутаттардын арасында абактагы Дүйшөн Төрөкулов менен көзү өтүп кеткен депутат Алмаз Акматовдун да колу бар болчу. Аны эл өкүлү Рыскелди Момбеков айтып чыккан жана оппозициячыл депутаттар да эскертишкен.
— Жаңы келген документте бир да адамдын колу жок. Ал эми коштоп жүрүүчү документте 65 депутаттын аты илинип турат. Ал 1-мартта кириптир. 28-февралда көз жумган депутат Алмаз Акматов кантип кол койду? Кубанычбек Жумалиев түрмөдө жатса, кантип кол койду? «Референдум жөнүндө» мыйзам деп, силер Конституцияны алып келип жатасыңар. Антип алдабагыла. Биздин карообузга бул долбоор Бекбосун Бөрүбашевдин колу менен кирди, инструкциясы менен кирди. Инструкция менен Башмыйзам кабыл алынбайт. Жогорку Кеңешке Бөрүбашевдики менен киргизип, чыкканда бир да депутаттын фамилиясы жок. 80 депутаттын фамилиясы жок. Мурдагы 80 депутат демилгелеген мыйзам башка, азыркы мыйзам башка болуп атат. Ошол үчүн бир да депутат унчуга албай отурат.
Жогорку Кеңеш Конституциянын жаңы долбоорун референдумга алып чыгуу тууралуу мыйзамга бир күн мурун эле добуш бермек. Бирок регламент бузулуп жатканына көбүрөөк нааразылык айтылган үчүн бүгүнкүгө калтырылды.
Бүгүн жыйынга 100 депутат катталып, анын 94ү референдумга «макул», алтоо «каршы» болду. Каршы болгон депутаттар: Жанарбек Акаев, Дастан Бекешев, Рыскелди Момбеков, Наталья Никитенко, Чынара Урумкалиева.
Жанарбек Акаев жыйындан кийин журналисттердин суроолоруна жооп берип, өткөнкү сессияга келбей калган айрым депутаттарга кысым болгонун айтты.
— Парламент жыйынын журналисттер чагылдырып жаткан үчүн бири-бирине добуш берүүдөн чочулап калышты. Жыйынга катышкан депутаттардын саны көбүрөөк болуп, регламент бузулбашы үчүн түнү менен үйлөрүнөн чакырышты. Өткөнкү жыйынга бир-эки депутат келбей, добуш бербей калган экен, телефон чалып, кадимкидей кысым кылышты, «бизнесиңди текшеребиз» дешти. Ошол үчүн келечекте парламентке бизнеси жоктор келсе, адилеттүү чечимдер кабыл алынмак.
Ошентсе да депутаттардын арасында кесиптештери үчүн добуш бергендер да болду. Алардын бири Эрмамат Тагаев бир эле орунда эки компьютерди башкарып, 10-марттагы жыйында да «катуу иштеген».
Абактан бүгүн эле чыккан Дүйшөн Төрөкулов да эки кишиге добуш берди.
Экс-депутат Исхак Масалиевдин айтымында, эгер абакта жаткан депутат мыйзамга ишеним кат аркылуу кол койсо, анда аны парламент төрагасы ачык айтышы керек. Масалиев парламенттин акыркы аракеттерин мындайча баалады.
— Депутаттардын өздөрүнүн иштеп жатканы — мыйзамсыз. Себеби 114-беренеде так жазылып турат: Конституцияга өзгөртүү, толуктоо киргизүү боюнча мыйзамдарга добуш берүүнүн убактылары эки айдан кем эмес болушу керек. Бирок депутаттар бир күндө эки окуудан кабыл алып жатат. Муну Башкы прокурор токтоткондун ордуна «кабыл алсаңар болот» дегенди билдирип жатат.
Төрөкулов боюнча айтсам, Конституциянын жаңы долбоорун иштеп чыккан демилгечилер добуш топтоо үчүн бардык аракетти жасайт. Дүйшөн бүгүн ушул долбоорду колдосо, анда анын тагдыры түшүнүктүү болот. Бирок, Дүйшөн Төрөкулов шектелип жаткан иш боюнча менин бир аз маалыматым бар, ал башынан эле туура эмес болчу. Өмүр бою мамлекеттик кызматта иштеген киши коррупцияга аралашуусу мүмкүн эмес болчу. Ал шектелген беренеге туура келбейт эле. Демек, аны «жүгүнтүүгө» аракет кылышты, эми ошол эле жигитти чыгарып, Конституция боюнча мыйзам долбоорун референдумга чыгарууда добушун пайдаланышты. Ал долбоорду колдосо, мен үчүн баары түшүнүктүү болот.
Учурда социалдык-экономикалык абалды жөнгө салуу шашылыш чечиле турган көйгөй экенин коомчулук баамдап турат. Бирок жогорку бийлик бутактары өз бийлигин бекемдөөгө шашып жатат.
Коомдук ишмер Руслан Акматбек бийлик элдин жашоосун ойлобой, башка максаттарды көздөп турганын мындайча түшүндүрдү:
— Октябрь окуяларынан кийин экономиканы жакшыртып, элдин турмушун оңдоо, коррупция менен күрөшүү, жаңылануу – бийликтин аткара турган эң биринчи иши болчу. Бирок Конституциянын тегерегиндеги окуялар, мыйзам бузуулар, регламент, нормалардын сакталбашы, чагылгандай тездик менен, эч нерсеге карабай кабыл алынышы – президенттин, парламенттин, өкмөттүн приориттери такыр башка экенин көрсөтөт. Кандай болгон күндө да бийлигин бекемдеп, сактап, бара-бара нааразылыктар көбөйөт, ошонун алдын алууну ойлоп жатышат. Президентке толгон-токой ыйгарым укуктарды бекитип берип, тез арада аны «ажыдаарга» айландыргысы бар. Себеби булар көнгөн, өзүнө гана таандык болгон эркиндигин, бизнестерин, ресурстарын сактап калгысы келип жатат.
Ал эми Дүйшөн Төрөкуловдун абактан чыгарылышы – анын бийлик үчүн маанилүү бир персона экенин билдирбейт. Болгону Конституция боюнча мыйзамды мүмкүн болушунча көбүрөөк депутаттын колу менен кабыл алууну каалашты.
Октябрдагы башаламандыктардан кийин Жогорку Кеңеш иштөө мөөнөтүн узартып алган. Парламенттик кайра шайлоо жайында өтөрү айтылган. Юристтер, коомчулук депутаттардын иши мыйзамсыз экенин айтып келишсе да, алар өздөрүн легитимдүү деп эсептешет. Эми референдум тууралуу мыйзамга президент кол койсо, ал 11-апрелде жергиликтүү кеңештерге шайлоо менен чогуу өтөт.