Биз менен байланышыңыз

Саламат Садыковага Абай Кунанбев атындагы эл аралык сыйлык ыйгарылды

Кыска кабар | 11 Мар 2021 | 573 | 0

Кыргыз эл артисти Саламат Садыковага Абай Кунанбаев атындагы эл аралык сыйлык ыйгарылды. Бул тууралуу Садыкованын кызы Кундуз Авашова социалдык баракчасына жазды.

Маалыматта айтылгандай, Кыргыз эл артисти Саламат Садыкованын сыйлыгын Казакстандын Маданият жана спорт министри Актоты Раимкулова тапшырган. Сыйлык тапшыруу салтанаты А. Осмонов атындагы Кыргыз улуттук китепканасында ачылган Абай Кунанбаев атындагы Казак-Кыргыз маданий борборунда өткөн.

Белгилей кетсек, быйыл казактын улуу ойчулу,  агартуучу акыны Абай Кунанбаевдин 175 жылдыгы белгиленүүдө. Буга байланыштуу иш-чара кечээ, 10-мартта Бишкекте да болуп өттү.

Саламат Садыкова: Сөз баалаган муундун өкүлүбүз

.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM