Биз менен байланышыңыз

«Быйыл өлкөдө 14 калкты тейлөө борбору ачылат»

Кыска кабар , Пикирлер | 11 Мар 2021 | 473 | 0

Быйыл өлкө аймагында 14 калкты тейлөө борбору ачылат. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Акын Мамбеталиев «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, үстүбүздөгү жылдын 11-майына чейин 6 калкты тейлөө борбору ачылып, кызмат көрсөтүп баштайт. Мындай борборлорду ачууда аймактын калкынын саны эске алынат.

Маселен, Бишкектеги калкты тейлөө борборлору күн сайын 700-1500 жаранды кабыл алууда. Жалпысынан 34 түрлүү кызмат көрсөтүлөт.

Бишкек жана Ош шаарында калкты тейлөө борборлорун кечки саат 22:00гө чейин иштетүү маселеси каралууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM