Биз менен байланышыңыз

Чемпиондор лигасы: «Барселона» чейрек финалга өтпөй калды

Кыска кабар , Спорт | 11 Мар 2021 | 555 | 0

Футбол боюнча Чемпиондор Лигасынын 1/8 финалынын жооптук оюнунда «Барселона» менен «ПСЖ» командалары оюн өткөрдү.

«ПСЖ» өз үйүндө «Барселона» менен тең чыкты (1: 1). Жооптук матчтагы голдорду «Барселонанын» чабуулчусу Лионель Месси жана «ПСЖнын» чабуулчусу Килиан Мбаппе киргизди.

Ошондой эле, Месси пенальтини таамай тебе алган жок — париждиктердин дарбазачысы Кейлор Навас соккунун мизин кайтарды.

Эки команданын алгачкы беттешинде 4:1 эсеби менен франциялык команда жеңген. Эки оюндун жыйынтыгы менен жалпы 5:2 эсебинде «ПСЖ» утуп, чейрек финалга жолдомо алды.

Лионель Месси оюндун 37-мүнөтүндө керемет гол киргизип, командасына үмүт берди, бирок пенальти тебе албай, кайра оюндан чыгуусуна алып келди.

Муну менен Чемпиондор лигасынын 4/1 финалына футбол жылдыздары Месси жана Роналду катышпайт. Мындай окуя 16 жылдан бери биринчи жолу болду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM