Биз менен байланышыңыз

Жаңы үлгүдөгү паспорттор эмне себептен кечигүүдө?

Кыска кабар , Пикирлер | 11 Мар 2021 | 403 | 0

Жаңы үлгүдөгү жалпы жарандык паспорттордун кечигүүсүндө саясий өңүт жок. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Акын Мамбеталиев «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, жаңы паспорттор үчүн өткөн жылы тендер жарыяланып, долбоорлор ишке ашып келе жатат. Тийиштүү системаны жасай турган америкалык компаниянын өкүлдөрү пандемиядан улам Кыргызстанга келе албай калды.

Учурда өкмөт жаңы жарандык паспортторду 1-майга чейин киргизүү талабын коюп жатат.

Азыркы тапта 50 миң бланка бар, жолдо 100 миң бланка келе жатат. Бирок эски үлгүдөгү бланктардын саны жетпей баратат.

«34 барактуу 1 жарым млн данаа паспорт жасоо боюнча келишим 3 жылга түзүлгөн. 50 барактуу паспорттон 70 миң даана каралган. Иштер апрелдин ортолорунда башталышы керек», — дейт Мамбеталиев.

Маалыматка ылайык, компания паспортторду 655 млн 600 миң сомго бүтүрүп берет. Бул каражат бюджеттен бөлүнбөйт, паспорт алуучулардын эсебинен төлөнөт. Азырынча компания эч кандай каражат ала элек.

Паспорт системасы: Дүйнөдөгү беделибизге дагы доо кетти

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM