Биз менен байланышыңыз

Бишкекте Абай Кунанбаевдин 175 жылдыгы белгиленет

Кыска кабар | 10 Мар 2021 | 536 | 0

Бүгүн, 10-мартта Бишкекте казак жазма адабиятына негиз салган акын, агартуучу жана коомдук ишмер Абай Кунанбаевдин 175 жылдыгына арналган салтанат болот.

Иш-чара кечки саат 18:30да Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында өтөт.

Салтанатка Казакстандын Маданият жана спорт министри Актоты Раимкулова, Өзбекстандын Маданият министринин орун басары Олимжон Мирзаев, ТүркСОЙ эл аралык уюмунун башкы катчысы Дүйсен Касеинов да катышары кабарланды.

Салтанат Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Түркия жана Түркмөнстан мамлекеттеринин өнөрпоздорунун концерти менен коштолот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM