Биз менен байланышыңыз

УКМК: Алдамчылык менен пара алгандар кармалды (сүрөт)

Кыска кабар | 10 Мар 2021 | 746 | 0

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин кызматкерлеринин атын жамынып, өзгөчө ири өлчөмдө каражат талап кылган жарандар кармалды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

2020-жылдын октябрынан бүгүнкү күнгө чейин УКМК тарабынан мамлекеттик органдардагы коррупцияга байланыштуу кылмыштарды аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюуга багытталган иш-чаралар жүргүзүлүп жатат.

Анын алкагында министрликтердин, мекемелердин мурдагы жогорку кызмат адамдары, укук коргоо органдарынын кызматкерлери кармалды.

Кылмыш иштери боюнча тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп, айрымдары сотко өткөн.

УКМКнын жетекчилигинин атын жамынган адамдар шектелип жаткан адамдын туугандарынан тергөө иштери жүрүп жаткан кылмыш ишине оң чечим чыгарып берүү үчүн 180 миң доллар акча алышкан.

Бул факт Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренеси (алдамчылык) боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

9-мартта кылмышка шектүү катары 1972-жылы туулган Абдыразак Кожоев менен 1978-жылы туулган Кумар Мамажанов аттуу жаран кармалды.

УКМК бул жарандардан жабыркагандан болсо, Атайын кызматтын нөөмөт бөлүмүнүн 0312 66-04-75 кайрылууну суранат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM