Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, 15-мартка чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу бар.
Жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.
Эртең, 11-мартта түнкүсүн жана күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап, карга айланат.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -1…+4, күндүз +3…+8;
Талас облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз +2…+7;
Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +2…+7, күндүз +7…+12;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1…+4, күндүз +4…+9;
Нарын облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз +2…+7;
Бишкекте 11-мартта түнкүсүн жаан жаап, карга айланат, күндүз жаан жаайт.
Абанын температурасы түнкүсүн +1…+3, күндүз +6…+8 градус болот.