Биз менен байланышыңыз

Депутат: Конституцияны ууруларча кабыл алып, шерменде болбойлу

Кыска кабар | 10 Мар 2021 | 515 | 0

Конституциянын жаңы долбоорун экинчи окууда кароо менен регламент одоно бузулуп жатат. Мындай пикирин депутат Жанарбек Акаев айтып, регламент кандай экенин түшүндүрүп берди.

— Регламенттин 81-беренесинин 4-пунктунда «добуш берүү укугун башка депутатка берүүгө тыюу салынат» деп так жазылып турат. Биз өзүбүз иштеген регламентти бузуп жатабыз. Ошол эле берененин 8-пунктунда «эгер добуш берген депутаттардын саны жыйынга катталгандардын саны менен дал келбей калса, анда маселе добушка коюлат» деп да жазылып турат.

Өткөн жумадагы жыйында да регламент бузулган. Себеби абакта жаткан депутаттын колу коюлганы айтылды. Демек, биз бүгүн «Конституцияны референдумга чыгаруу жөнүндө» мыйзам долбоорун экинчи жана үчүнчү окууда карабашыбыз керек. Биринчи окууда кайра добуш беришибиз керек.

Эгер өлкөнүн эң башкы мыйзамын регламентти бузуу менен кабыл алсак, анда ал шерменде Конституция болот. Башкы мыйзамыбызды комитет карабай туруп, маанилүү учурда баары башын катып жатып алып, үйлөрүнө барып колдорун койдуруп келип, ууруларча кабыл алабызбы?

Жогорку Кеңеш 10-марттагы күн тартибине референдум өткөрүү тууралуу мыйзам долбоорун койду. Депутаттар Жанар Акаев, Дастан Бекешев, Рыскелди Момбековдор мыйзам долбоору күн тартибине регламентти бузуу менен киргизилгенин айтышты.

Алардын айтымында, бүгүнкү күн тартиби бекитилип калгандан кийин мыйзам долбоолору каралып жатканда ага өзгөртүү кирбеши керек.

3-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында «Конституциянын жаңы долбоору боюнча референдум дайындоо жөнүндө» мыйзам биринчи окууда кабыл алынган. Жыйынга катышкан 96 депутаттын 87си долбоорду колдоп, 9у каршы добуш беришкен.

Copyright © 2017 Maral FM