Замирбек Надырбеков Коопсуздук кеңешинин катчысынын биринчи орун басары болуп дайындалды. Тийиштүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
Замирбек Надырбеков буга чейин Мамлекеттик чек ара кызматында иштеп келген.
Садыр Жапаровдун 9-февралдагы жарлыгы менен Коопсуздук кеңешинин катчысынын биринчи орун басары Жаныбек Капаров иштен алынган.
12-февралда Кылычбек Абышевди Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары кылып дайындаган.