Биз менен байланышыңыз

Шайлоо 2021: БШК жеке коргонуу каражаттарын сатып алат

Кыска кабар | 10 Мар 2021 | 513 | 0

Борбордук шайлоо комиссиясы жеке коргонуу каражаттарын сатып алууга тендер жарыялады.

Мамлекеттик сатып алуулар порталындагы маалыматка караганда, бул сатып алууларга 15 млн 41 миң сом жумшалат. Сынактык арыздарды берүү мөөнөтү 30 мартка белгиленди.

Анын ичинен, 1 млн 170 миң сомго – санитайзер, 3 млн сомго – төрт кабаттуу бир жолу колдонулуучу бет кап, 1 млн 585 миң сомго – респиратор, 1 млн 806 миң сомго – кол кап, 4 млн 950 миң сомго – тилкелик шайлоо комиссиянын мүчөлөрү үчүн кийимдер, 1 млн 680 миң сомго шайлоочулар үчүн спирттүү кол аарчылар сатылып алынат.

Кыргызстанда 11-апрелде жергиликтүү кеңештерге шайлоо өтөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM