Жогорку Кеңештин 10-марттагы жыйынында жаңы депутат болгон Шайлообек Атазов ант берди. Ага 7-мартта Борбордук шайлоо комиссиясы мандат тапшырылган.
Шайлообек Атазов мурдагы депутат Искандер Гаипкуловдун ордуна келди. Гаипкулов Президенттик аппараттын стратегиялык өнүктүрүү саясаты, экономика жана финансы бөлүмүнүн жетекчиси болуп дайындалган.
Шайлообек Атазов — «ЕREM» спорттук клубунун аткаруучу директору. Буга чейин 2015-жылы өткөн парламенттик шайлоодо «Ата Мекен» партиясынан, 2020-жылы өткөн парламенттик шайлоодо «Мекеним Кыргызстан» партиясынан талапкер болгон.