Биз менен байланышыңыз

Новиков балет бийчилеринин айлык маселесин чечүүнү тапшырды

Кыска кабар | 10 Мар 2021 | 765 | 0

Биринчи вице-премьер-министр Артём Новиков Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын жетекчилиги, артисттери менен жолугушту.

Анда балет артисттеринин «Ак куу көлү» спектаклине катышуудан баш тартуусуна байланыштуу болгон окуянын себептери талкууланды.

Новиков спектакль үзгүлтүккө учурап, көрүүчүлөр нааразы болбошу керектигин эскертти. Ошондой эле артисттердин айткан жүйөлөрү чечилиши керектигин айтты.

«Спектакль үзгүлтүккө учурады. Эң өкүнүчтүүсү, мындай кырдаалда катардагы көрүүчүлөр эстетикалык ырахат алууну каалап келишкен, бирок көрө албай калышты. Албетте, театр артисттеринин да, жетекчилигинин да өз чындыгы бар. Бирок мындай кырдаал мындан ары болбошу керек. Мындай көйгөйлүү маселелер көңүл сыртында калбай же кийинкиге калтырылбай чечилиши керек», — деди Артем Новиков.

Новиковдун айтымында, өкмөт маданият жаатында жаңы ыкмаларды киргизет. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине жеке менчик уюмдар менен биргеликте өткөрүлгөн спектаклдерге театр артисттеринин катышкандыгы үчүн эмгек акысын жөнгө салуу маселелерин мыйзам деңгээлинде иштеп чыгууну тапшырды.

Артем Новиков театрдын мурда сунушталган репертуарын калыбына келтирүүнү эске алуу менен, ар кандай жана кызыктуу спектаклдердин программасын түзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM