Биз менен байланышыңыз

«Баткенде 278 скважина аркылуу мунай, 3 куур аркылуу газ коңшу өлкөлөргө кетип жатат»

Экономика | 9 Мар 2021 | 8189 | 3

Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде депутат Бейшеналы Нурдинов Баткен облусунун Ак-Турпак айылында жаратылыш газы 3 куур аркылуу Өзбекстан менен Тажикстанга чыгып кетип жатканын билдирди. Ал бул боюнча алгач жергиликтүү блогер билдирүү жасаганын, бирок, бийлик реакция кылбай жатканын эскертти. Ошондой эле өзү да Ак-Турпакта болгонун, батышты көздөй баратканда оң тарапта 278 нефти бургулоочу скважина иштеп жатканын айтты. Булар боюнча комитеттин жыйынына катышкан өкмөттүн өкүлдөрүнө суроо салды.

«Ак-Турпактан Өзбекстанга кетип жаткан 3 куур газ боюнча блогер айтып чыкты. Анын айтымында, газ мурдатан эле кетип, ал бийлик адамдарынын жеке бизнесине айланган. Ошол эле айылда 278 нефти бургулоочу скважина иштеп жатат. Ал кимге иштеп жатат? Тажик, өзбек чек аралары андан 9-10 чакырым ары турат. Ошол жерге Камчыбек Ташиев барды, Өмүрбек Суваналиев барды. Алар да унчукпайт. Нефтини тейлеген органдар эмнеге муну көрмөксөн болуп жатасыңар?», — дейт эл өкүлү.

Депутат бул боюнча, тийиштүү тараптардан маалымат берүүнү талап кылды. Президенттин жана Өкмөттүн өкүлдөрү бул боюнча толук маалымат жоктугун, маселени тактоо керектигин билдирди.

Ошондой эле «Кыргызнефтегаздын» өкүлдөрү бул маселе аларга карабай турганын айтты. Өз кезегинде депутат Нурдинов ишкананын өкүлдөрүн өлкөнүн мунай өндүрүүчү байлыктарына «Кыргызнефтегаз» ээлик кылышы керектигин эскертип, бул маселенин үстүндө сөзсүз иштөөнү талап кылды.

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасынын орун басары Медер Машиев бул маселе боюнча 2 жума мурда Өкмөттө маселе көтөрүлгөнүн билдирди.

«Менимче, сөз «Түндүк Сох» жана «Чоң-Кара-Галча» газмунайзат скважинасы боюнча болуп жатат окшойт. Бул СССР маалынан бери эле «Узнефтепродукттун» курамында болгон. Аны Кыргызстанга кайтаруу чаралары көрүлүп жатыптыр. Эртеңки президенттин иш сапарынын алкагында да каралат экен. Биздин аймакта экен, бирок Кыргызстанга өткөрүлгөн эмес экен», — деди Машиев.

Ошондой эле ал, нефть өндүрүүчү скважиналарда мунай бар экенин билдирди.

Депутат Нурдинов 30 жылдан бери жер астындагы мунай скважина аркылуу сыртка чыгып кетип жатканын айтып, бул үчүн өкмөттү күнөөлөдү.

«Өкмөт тезинен тактап, ташылып кетип жаткан нефтини токтоткула. Кыргызстандын аймагынан 30 жылдан бери кошуналар пайдаланып жатыптыр. Андан бери кеткен чыгымды ордуна койдургула», — деди Бейшеналиев.

3 пикир

3 пикир

  1. Бахридин Атабайев

    09.03.2021 23:11

    278 эмес бирда скважный иштебейт буга башы жетпеген депутат суйлоп озун элге куйгон кыргызстанды суйгон кылып корсотуп пийар кылгыча анчалык экен келип кор эл менен жолук кочодогу адам айтса жарашат депутат укугу бар келип корсун анан суйлосун ага жооп бере албай олтурган окумотун окулучу

  2. Мен

    13.03.2021 18:09

    Жок эле иштебеген скважиналарды эмне айтасынар. Кочодон эле бир ушакты угуп келип суйлойбересинерби. Жок дегенде сурап ииликтеп албайбы. Депутаты да эч нерсе билбейт, аткаруу органдары да эч нерсе билбейт. Уят.

  3. Рахат

    13.03.2021 20:55

    Ал жерде чоон жашыруун маселе бар ар Ким өз комочуно тартып кыргыз Кыргызстанга жакшылык кылгысы келбей жатат.туура маселе которулуп жатат азыркы кундо неге куйуучу майдын баасы которулду бул бироонун бизнес.Эмнеге кум тордон башка алтын кендери иштеп жатат Аны айтышпайт Деги элибизге жакшылык кылуучулар барбы

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM