Биз менен байланышыңыз

Эртең «Унаа» ишканасынын Аламүдүн аймактык бөлүмү жабык болот

Кыска кабар | 9 Мар 2021 | 647 | 0

Электр-техникалык оңдоп-түзөөгө байланыштуу 10-мартта Мамлекеттик каттоо кызматына караштуу «Унаа» мамлекеттик ишканасынын Төмөнкү Ала-Арча айылындагы Школьный көчөсү, 7А дарегинде жайгашкан Аламүдүн аймактык бөлүмү жабык болот. Бул тууралуу аталган мекемеден кабарлады.

Маалым болгондой, бөлүмдүн имаратында электр жабдууларын жаңылоо, жакшыртуу иштери жүргүзүлөт. «Түндүкэлектр» ишканасы бул иштерди жасоо эртең мененки саат 9:00дөн кечки саат 17:00гө чейин жүргүзүлөрүн маалымдаган.

Жарандар кызмат алуу үчүн Чокан Валиханов көчөсү, 2А дарегиндеги «АЮ-Гранд» соода борборунун имаратында жайгашкан Калкты тейлөө борборуна, Аймактар аралык каттоо секторунун Военно-Антоновка айылындагы «Риом-авто» базарында жайгашкан Бишкек шаардык бөлүмүнө кайрылууга болот.

Мамлекеттик каттоо кызматы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурап, жагдайды түшүнүү менен кабыл алууну өтүнөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM