Биз менен байланышыңыз

АКШ Кыргызстан баштаган 13 мамлекетке болгон визалык чектөөнү жокко чыгарды

Дүйнө , Кыска кабар | 9 Мар 2021 | 696 | 0

АКШнын Мамлекеттик департаменти 13 өлкөнүн жарандарына Американын аймагына кирүүгө тыюу салынган чечимди жокко чыгарды. Бул тизмеге Мьянма, Эритрея, Иран, Кыргызстан, Ливия, Нигерия, Түндүк Корея, Сомали, Судан, Сирия, Танзания, Венесуэла жана Йемен кирди.

Буга чейин АКШ кыргыз паспортторунун аброю, жана аларды чыгаруу процессине байланыштуу тынчсыздануусун билдирген. Трамп башында турган Америка Кыргызстан чыгарган паспорттордогу коопсуздук чараларынын жетишсиздигинен улам визалык чектөөлөрдү киргизгенин айткан.

Президент Жо Байден кызматка киришери менен 20-январда, мурунку президент Дональд Трамптын мындай чектөөлөрүн жокко чыгарган.

Мамлекеттик департаменттин маалыматы боюнча, эми 2020-жылдын 20-январынан кийин виза үчүн терс жооп алган жарандар каттоо акысын төлөбөстөн арызын кайра кароону талап кыла алат.

Тышкы мекеменин маалыматына караганда, 2017-жылдын декабрынан сөз болгон жарлыктын алкагында АКШга кирүү укугунан 40 миңдей адам ажырап калган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM