Биз менен байланышыңыз

Нооруз майрамында Кыргызстандыктар 3 күн эс алат

Кыска кабар | 9 Мар 2021 | 867 | 0

Нооруз майрамына карата кыргызстандыктар 3 күн катары менен эс алат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, 21-март — Нооруз майрамы жекшемби күнгө туура келгендиктен, эс алуу күнү 22-мартка жылдырылат. Мындан улам кыргызстандыктар 20-21-22-март күндөрү эс алышат.

Эскерте кетсек, 8-март — Аялдардын эл аралык күнү дүйшөмбүгө туш келгендиктен, 6-7-8-мартта, үч күн удаа эс алуу болгон.

Copyright © 2017 Maral FM