Биз менен байланышыңыз

Ноорузга карата Чолпон-Ата жана Ош шаарларында ат оюндары өтөт

Кыска кабар | 9 Мар 2021 | 494 | 0

Нооруз майрамына карата 16-марттан 21-мартка чейин Чолпон-Ата жана Ош шаарларында ат оюндары өтөт. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги кабарлады.

Маалым болгондой, көк бөрү, эр эңиш, салбуурун, ат чабыш жана башка ат оюндары өлкөнүн бардык аймактарында спорттун улуттук түрлөрүн өнүктүрүү, IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык көрүү жана мыкты командаларды, спортчуларды тандоо максатында өткөрүлөт.

Мелдеш Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясы, Көк бөрү, Аргымак, Салбуурун, Эр эңиш федерациялары тарабынан уюштурулуп жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM