Биз менен байланышыңыз

Эртең Түркиянын Тышкы иштер министри Кыргызстанга келет

Кыска кабар | 9 Мар 2021 | 672 | 0

Эртең, 10-мартта Түркиянын Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу Кыргызстанга расмий сапар менен келет. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, сапардын алкагында эки министрдин сүйлөшүүлөрү жүрүп, андан соң Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы Биргелешкен стратегиялык пландаштыруу тобунун 4-жыйыны өтөт. Ошондой эле Чавушоглунун Кыргызстандын бир катар жетекчилери менен да жолугушары мерчемделген.

Алдыда боло турган жолугушуулардын жана сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана башка чөйрөлөрдөгү эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү жана бекемдөө боюнча мурда кабыл алынган келишимдер, кыргыз-түрк мамилелери үчүн актуалдуу маселелер талкууланат.

Андан тышкары Түрк кеңешинин алкагында түрк тилдүү мамлекеттердин ортосунда кызматташтыкты кеңейтүү жана аталган эл аралык уюмдун күн тартибинин актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашуу да болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM