Бакытбек Нарбеков Өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка Премьер-министр Улукбек Марипов кол койду.
Бакытбек Нарбеков буга чейин президенттин жана парламенттин иш башкармалыктарында бөлүм башчы болуп эмгектенген. 2020-жылы 4-октябрда өтүп, жыйынтыгы жокко чыгарылган парламенттик шайлоодо «Биримдик» партиясынан талапкер болгон.
Эске салсак, Талас облусунун буга чейинки жетекчиси Айбек Бузурманкулов 5-мартта кызматынан бошотулган.