Биз менен байланышыңыз

Жапаров «Эл ырчысы Эстебес» тобунун концертине күбө болду (сүрөт)

Кыска кабар | 8 Мар 2021 | 1751 | 0

Президент Садыр Жапаров СССРдин эл артисти Эстебес Турсуналиев түзгөн «Эл ырчысы Эстебес» тобунун концертине күбө болду. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалымат кызматы билдирди.

«Эл ырчысы Эстебес» тобу, 7-март күнү Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында, аялзатынын эл аралык күнүнө карата «Ааламдан кең апа сенин бешигиң» аттуу концертин тартуулашты. Концерттин сценарийин топтун көркөм жетекчиси КР эмгек сиңирген артисти Аалы Туткучев жазган. Ал эми койгон режиссеру КР эл артисти Алтынбек Максүтов. Аталган кече эне темасына арналып, анда абийир, ыйман, мекен, миграция маселелери чагылдырган. Театрлаштырылган концертте КР эл артисттери Нуржамал Табалдиева, Амантай Кутманалиев, ырчылар Өмүрзак Кайыпов, Мээрим Карыпова, Элзар Өскөнбаева, Гүлгакы Сагындыкова, Турдукан Сарбанова, Элдияр Желдеңбаев, Таалай Иманкулов, Талант Сыдыков, Өскөн Дүйшөмбиев, комузчу Эмил Ишенбек уулу жогорку деңгээлде өнөрлөрүн көрсөтүштү. Ошондой эле, ага Президент Садыр Жапаров жубайы Айгүл Жапарова менен келип, сахна чеберлеринин өнөр кечесине күбө болуп кайтты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM