Биз менен байланышыңыз

Өкмөт башчы: Бажы тармагын санарипке өткөзүү быйыл аякташы керек

Кыска кабар | 7 Мар 2021 | 628 | 0

2021-жылы санариптештирүүнүн бардык компоненттери киргизилип, тиешелүү аналитикалык системалар толук кандуу ишке берилүүгө тийиш. Бул тууралуу Премьер-министр Улукбек Марипов салык жана бажы тармагын санариптештирүү маселелерин талкуулаган жыйында билдирди.

Өкмөт башчы жыйында айрыкча бажы тармагын санариптештирүү иштери алгылыктуу болбой жатканын белгилеп, бул жаатка өзгөчө басым жасаларын айтты.

«Салык жана бажы тармагын санариптештирүү бир нече жыл мурда башталган. Биз бул маселеде белгилүү бир натыйжага жетиштик. Ошону менен бирге иште кетирилген бир катар каталыктар жана кемчиликтер бар. Бул жол-жоболорду санариптештирүү боюнча бардык иш-чараларды коррупциялык тобокелдиктерди жоюунун жана бюджетке түшүүлөрдүн көбөйүшүнүн, салык төлөөчүлөрдү жана калкты контрафакттык товардан коргоонун, көмүскө экономиканын үлүшүнүн жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү электрондук түрдө берүүнүн маанилүүлүгүн эске алуу менен ыкчам иш жүргүзүү зарыл», — деди Марипов.

Улукбек Марипов системалык негизде салык жана бажы тармагын санариптештирүү боюнча координациялык кеңештин ишин жандандыруунун маанилүүлүгүн да белгиледи.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM