Биз менен байланышыңыз

Жогорку Кеңешке эки депутат шайланды

Кыска кабар | 7 Мар 2021 | 1509 | 0

Бурун Аманова менен Шайлообек Атазов Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланды. Аларды кызматка бекитүү, мандатын жана төш белгисин тапшыруу Борбордук шайлоо комиссиясынын түз эфиринде көрсөтүлдү.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештеги «Ата Мекен» фракциясынан депутат Гүлнара-Клара Самат Кыргызстандын Орусиядагы элчиси болуп кеткен. Бош калган мандаттык орунга Бурун Аманова шайланды.

Бурун Аманова 1969-жылы туулган. «Небесные горы» ЖЧКсынын башкы директору, «Найман» аялдар кыймылынын уюштуруучусу. 2020-жылдын 4-октябрында өтүп, бирок жыйынтыгы жокко чыгарылган парламенттик шайлоодо «Биримдик» партиясынан талапкер болгон.

Ал эми Шайлообек Атазов «Ата Мекен» фракциясынан депутат Искендер Гаипкуловдун ордуна келди.

Эске салсак, октябрь окуяларынан кийин Жогорку Кеңештин депутаты Садык Шер-Нияз мандатын Өмүрбек Текебаевге өткөрүп берген. Кийинчерээк жарандык активист Темирлан Ормуковдун жазган арызынын негизинде соттун чечими менен ал мандат кайтарылып алынып, ордуна Искендер Гаипкулов келген. Искендер Гаипкулов кийинчерээк Президенттин аппаратынын стратегиялык өнүктүрүү, экономика жана финансы бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалган.

Шайлообек Атазов — 1979-жылы туулган. «ЕREM» спорттук клубунун аткаруучу директору. Буга чейин 2015-жылы өткөн парламенттик шайлоодо «Ата Мекен» партиясынан, 2020-жылы өткөн парламенттик шайлоодо «Мекеним Кыргызстан» партиясынан талапкер болгон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM