Биз менен байланышыңыз

Армения: Полиция президенттин резиденциясын күчөтүлгөн кайтарууга алды

Дүйнө , Кыска кабар | 7 Мар 2021 | 443 | 0

Ереванда полиция Армениянын президенти Армен Саркисяндын резиденциясын күчөтүлгөн режимде кайтарууга алды. Бул тууралуу «РИА Новости» билдирди.

Милиция кызматкерлери мамлекет башчысынын резиденциясынын тосмосун бойлой тизилген.

6-март күнү Армениянын премьер-министри Никол Пашиняндын оппоненттери  кызматтан кетишин талап кылып, кайрадан Еревандын борборуна нааразычылык акциясына чыгышты. Алар резиденцияга жакын Баграмян проспектисиндеги имаратына чогулушуп, шаарды аралап өтүштү.

Армения оппозициясы Пашиняндын 8-февралда кызматтан кетишин талап кылышкан. Өкмөт башчы Тоолуу Карабахтагы жаңжалдан кийин 2020-жылы 10-ноябрда Азербайжан менен түзүлгөн тынчтык келишиминен улам, элди сатып кетти деп айыпталган.

Документтин шарттарына ылайык, таанылбаган республиканын аймактарынын бир бөлүгү Бакунун көзөмөлүнө өткөн. Пашинян өзү келишимге кол коёрдо «эч кандай мүмкүнчүлүк жок болчу, анткени ага альтернатива кандуу согуш жана карапайым калк арасында оор жоготууларга алып келиши мүмкүн» деп айткан.

Пашинян отставкага кетүү талабын аткарган жок, ошондуктан 20-февралдан баштап оппозиция массалык баш ийбестиктин үзгүлтүксүз аракеттерин жүргүзүүгө убада берди. Пашиняндын тарапкерлери 25-февралда премьер-министрди колдогон митинг өткөрүштү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM