Биз менен байланышыңыз

«Супарада» интерактивдүү музей ачылат

Кыска кабар | 7 Мар 2021 | 367 | 0

«Супара» этно-комплексинде интерактивдүү музей уюштурулду. Анын ачылыш аземи 11-мартта өтөт. Бул тууралуу комплекстен кабарлашты.

«Супаранын» маалымат бөлүмүнүн айтымында, музей ачууну этно-комплекстин негиздөөчүсү Табылды Эгембердиев 2009-жылы эле пландап, ал жердеги экспонаттардын көпчүлүгүн өзү чогултуп жүргөн. Тилеккке каршы, көзү тирүүсүндө жетишпей калып, ал кыялын эми өмүрлөшү Жаңылсынзат Турганбаева ишке ашырып жатат.

Интерактивдүү музейде полимер чоподон «Өнөр айылы», «Улуу көч», «Көк бөрү» макеттери жасалып, өз аталыштарына ылайык көрүнүштөр чагылдырылган. Ошондой эле этно-комплекстин тарыхы башкы экспонат болгон ат така макети аркылуу берилген.

Музей Табылды Эгембердиевдин бейнеси, ат жабдыктар комплекси, чарба буюмдары, тери жана темир идиш-аяк, жыгач буюмдар, жаргылчак, туш кийиз, таберик, улуттук оюндар, улуттук музыкалык аспаптар, аңчылык, зер буюмдар сыяктуу бир нече бөлүктөрдөн турат. Ошондой эле этнокомплекстин аймагында жайгашкан «Табылды Эгембердиевдин жеке иш бөлмөсү», «Суу тегирмен», «Табылдынын жаратман булагы», «Очок», «Шералинин чокою» сыяктуу инсталляциялар жана ар кандай чеберчилик сабактарды өтүүгө ылайыкталган бөлмөлөр да бар.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM