«Алай» футболдук клубу «Интердин» мурунку оюнчусу Тиджани Белаид менен келишим түздү. Бул тууралуу клубдун директору Алмаз Сулайманов маалымдады.
Анын айтымында, миландык «Интердин» мурунку жарым коргоочусу менен контракт 3,5 айга түзүлгөн. Бүгүн, 6-мартта Белаиддин Ошко келери айтылган.
Тиджани Белаид 1987-жылдын 6-сентябрында Франциянын борбору Париж шаарында туулган. Спорттук карьерасын 2005-жылы баштаган. Буга чейин, «ПСВ», «Интер», «Славия Прага», «Африкэн» футболдук клубдарында ойногон.