Биз менен байланышыңыз

«Бизнес-караван» долбоору Ош, Жалал-Абад шаарларында өтөт

Кыска кабар | 5 Мар 2021 | 829 | 0

JIA Бизнес Ассоциациясы курулуш жана курулуш материалдары боюнча «Бизнес-караван» долбоорун Жала-Абад жана Ош шаарларында өткөрөт.

Буга аталган аймактын ишкерлери катышып, жаңы өнөктөштөрдү табуу, ишкерлер менен жакындан таанышып, келишимдерди түзүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.

«Бизнес-караван» долбоорунун иш-чарасы 10-март күнү Ош шаарында «Шанхай Сити» мейманканасында, 11-март күнү Жалал-Абад шаарында «Жаннат» отелинде саат 9:00дө өтөт.

Белгилей кетсек, иш-чара буга чейин 7 облуста өтүп, 500дөн ашуун келишим түзүлгөн.

Толук маалымат алуу жана иш-чарага катышуу үчүн: +996 707 229 299 (Ош облусу) 0502 29 19 09 жана 0776 09 19 29 (Жалал-Абад облусу) аркылуу байланышыңыз.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM