Биз менен байланышыңыз

Каракол шаардык кеңешинин депутаты камакка алынды

Кыска кабар | 5 Мар 2021 | 846 | 0

Каракол шаардык кеңешинин депутаты жана Транспорт жана жол министрлигине караштуу Жол чарба департаментинин №4 аймактык бөлүмүнүн башчысы ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу фактысы боюнча кармады. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

Маалым болгондой, Каракол шаардык кеңешинин депутаты Тууганбек Чолпонбаев «Дорстройсервис» ЖЧКсынын негиздөөчүсү болуп турган 2015-жылдан 2020-жылга чейинки учурда, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, Жол чарба департаментинин №4 аймактык бөлүмүнүн башчысы К.К.У. менен сүйлөшүп алып, өзү негиздеген ЖЧК тарабынан Каракол шаарынын жол тармагын оңдоо иштеринин ашыкча көлөмүн аткаруу үчүн келишимдерди түзгөн.

Кармалгандар Каракол шаардык Ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда УКМК тарабынан мамлекетке келтирилген зыяндын көлөмүн аныктоо жана ошондой эле аталган фактыларга башка кызмат адамдарынын тиешеси бардыгы боюнча ыкчам-иликтөө жүргүзүп жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM