Биз менен байланышыңыз

1-апрелден тарта бардык класстар салттуу режимде окуп баштайт

Кыска кабар | 5 Мар 2021 | 1811 | 0

9-марттан тарта өлкөдөгү бардык мектептердин башталгыч класстары, 1-апрелден тарта бүт класс офлайн форматта окуусун баштайт. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков айтканын Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Бүгүн, биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев жана анын орун басарлары менен биргеликте мектептердеги билим берүү маселесин талкуулады.

Новиков 2021-2022-окуу жылында бирдиктүү форма талап кылынбасын ата-энелерге, мугалимдерге эскертүү керектигин айтты. Ошондой эле Билим берүү жана илим министрлигине жергиликтүү бийлик органдары, Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги менен биргеликте мектептерди салттуу окууга өткөрүү үчүн даярдык көрүү, «мектеп» медицинасын уюштуруу, ар бир окуучуга ден соолук карточкасын түзүү тапшырмасын берди.

Мындан тышкары мектептердеги окуу программасынын жаңы концепциясын иштеп чыгуу маселелери да каралды. Анда биринчи кезекте табигый билим алууга артыкчылык берилип, билим берүүнүн бардык баскычына үзгүлтүксүз байкоо салган бирдиктүү тутум иштеп чыгуу зарылдыгы белгиленди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM