Биз менен байланышыңыз

Аймактык прокуратура органдарында ишеним телефондору ишке кирди

Кыска кабар | 5 Мар 2021 | 540 | 0

Аймактык прокуратура органдарында ишеним телефондору ишке киргизилди. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, учурда жеке ишкердик субъекттеринин ишине укук коргоо, көзөмөл органдарынын негизсиз кийлигишүүсү, менчик ээлеринин укуктарынын бузулушу жана ишкердикке негизсиз тоскоолдук жаратуу фактылары боюнча аймактардагы прокуратураларда кабыл алуучу ишеним телефондору иштей баштады.

Белгилей кетсек, Садыр Жапаровдун «Менчикти коргоо жана ишкерлер менен инвесторлорду колдоо жөнүндө» Жарлыгын аткаруу максатында үстүбүздөгү жылдын февраль айында Башкы прокуратуранын ишкерлердин укуктарынын сакталышын көзөмөлдөө бөлүмүндө күнү-түнү кабыл алуучу ишеним телефону ишке киргизилген жана мекеменин расмий сайтына жайгаштырылган (0(312) 88-90-33, 0500 19-20-54).

Баткен облусунун прокуратурасы: 0777 41-77-45, 0999 04-77-77;

Жалал-Абад облусунун прокуратурасы: 03722 5-54-00, 03722 5-30-29;

Нарын облусунун прокуратурасы: 03522 5-15-64, 0706 01-92-53.

Ош облусунун прокуратурасы: 03222 4-84-04, 0995 01-10-10;

Талас облусунун прокуратурасы: 03422 5-31-83, 0555 088408;

Чүй облусунун прокуратурасы: 0312 60-31-10;

Ысык-Көл облусунун прокуратурасы: 03922 5-12-93;

Бишкек шаарынын прокуратурасы: 0312 32-34-15, 0552-20-20-02;

Ош шаарынын прокуратурасы: 03222 7-05-18, 0771 45-05-96;

Транспорттук прокуратура: 0312 56-78-99, 0553 21-07-62;

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM