Биз менен байланышыңыз

«Медиктердин айлыгы 40%га көтөрүлөт»

Кыска кабар | 5 Мар 2021 | 1394 | 0

Кыргызстанда медицина кызматкерлеринин айлыгы 40%га көтөрүлөт. Бул тууралуу бүгүн Президент Садыр Жапаров Эл аралык аялдар күнүнө арналган атайын жолугушууда билдирди.

Президент менен жолугушууга келгендер билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, жеңил өнөр жай жана спорт тармактарындагы бир катар көйгөйлөрдү көтөрүштү.

Ошол эле учурда мамлекет башчысы билим берүү жана саламаттыкты сактоо тармагындагы кадрлардын айлык акысын көтөрүү артыкчылыктуу маселе экенин белгиледи.

«2021-жылы 1-июлдан баштап, медиктердин айлык акысы 40%га көтөрүлөт. Мен 100%га чейин деле көтөрө бермекмин, тилекке каршы, бул жылдын бюджетинин алкагында биз 40% гана көтөрө алабыз. Бирок мен бул багытта иштер улантыларына ишендирип кетким келет», — деди Жапаров.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM