Connect with us

АКШ Көлбаев тууралуу маалыматка берилүүчү сыйлыгын 5 млн долларга көтөрдү

Кыска кабар | 5 Мар 2021 | 733 | 0

АКШ Мамлекеттик департаменти кримтөбөл Камчы Көлбаевди камакка алууга же айыптоого жеткирген, уюшкан тобунун каржы схемасын бузууга көмөктөшкөн баалуу маалыматтар үчүн бере турган сыйлыгын 5 миллион долларга көбөйттү. Бул тууралуу АКШнын Кыргызстандагы элчилиги билдирди.

Буга чейин Америка Кошмо Штаттары баңгизат сатуу, адам сатуу, курал-жарак сатуу жана башка коркунучтуу кылмыш иштери менен алектенген, эл аралык уюшкан кылмыштуу топтун башчысы, киши өлтүрүү үчүн жоопко тартылган Камчы Көлбаевдин бошотулганына байланыштуу тынчсыздануусун билдирген.

Камчы Көлбаевдин баңгизаттарын сатуу тармагы Борбор Азияда, Орусияда жана Европада балдарды ууландырып келгенин айткан АКШ Мамлекеттик департаменти анын кылмыштуу тармагынын бузулушуна алып келген маалымат үчүн 1 миллион долларга чейин сыйлык сунуш кылган. Ошондой эле бул сый акыны дагы көбөйтүү планы болуп жатканын кошумчалаган.

Copyright © 2017 Maral FM