Биз менен байланышыңыз

Кримтөбөл Көлбаевдин тил кат менен бошотулушу — «саясий шоу»

Саясат | 3 Мар 2021 | 980 | 0

Бишкек шаардык соту «Мыйзамдагы ууру» атыгып, уюшкан кылмыштуу топтун башчысы катары таанылган Камчы Көлбаевди кечээ, 2-мартта чет жакка чыкпоо тил катынын негизинде абактан бошотуу чечимин кабыл алды. Көлбаевдин бошотулушун коомчулук «шоу» катары кабыл алууда. Темага алдыда кененирээк токтолобуз.

Бүгүн, 3-мартта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет кримтөбөл Камчы Көлбаевдин тил кат менен абактан чыгышы тууралуу түшүндүрмө берди.

Былтыр 22-октябрда кылмыштуу топторду түзүү фактысы боюнча кримтөбөл Көлбаев кармалып, ага карата камакка алуу баш коргоо чарасы тандалган. Камакта кармоо мөөнөтү 22-мартка чейин узартылган.

Тергөө учурунда шектүүнүн жактоочусу баш коргоо чарасын өзгөртүү жөнүндө апелляциялык арыз берген. Буга байланыштуу 2-мартта Бишкек шаардык соту жактоочунун жүйөлөрүн жана иштин учурдагы жагдайларын эске алып, адвокаттардын арызын канааттандырган. Тактап айтканда, Көлбаевден жашаган жеринен кетпөө боюнча тил кат алып, баш коргоо чарасын өзгөрткөн. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы буларды билдирди.

«Тил каттын аткарылышын көзөмөлдөө УКМКга жүктөлүп, көрсөтмөнү бузуу катталса, ага карата катаал чара колдонулары түшүндүрүлгөн. УКМК Камчы Көлбаевге кылмыштуу кирешелерди мыйзамдаштыруу фактысы менен иш козгоп, мамлекетке 250 млн сом өлчөмүндө зыян келтиргенин аныктаган. Тергөө жүрүп жаткан учурда шектүүнүн туугандары аманат эсепке 49,6 млн сом которгон. Мыйзамсыз кирешенин калган бөлүгүн тергөө мөөнөтү аяктаганга чейин, башкача айтканда, апрелдин аягына чейин бюджетке кайтарып берүү милдеттендирилген».

Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Кеңешбек Дүйшөбаев Көлбаев кармалганда: «Бийлик уюшкан кылмыштуу топ менен сүйлөшүп алып, жакында Камчы Асанбекти кое берет», — деген пикирин билдирген. Анын айткандары туура чыгып, Көлбаев боштондукка чыгарылды. Кеңешбек Дүйшөбаевдин айтымында, Көлбаевдин кармалышы — азыркы жаңы бийликтин саясий пиар жасоого болгон аракети.

«Ошол мезгилде Камчы Көлбаевди кармаганга негиз жок болчу. Анткени ал жасаган кылмыштары боюнча толугу менен жазасын өтөп, эркиндикке чыккан. Азыркы жаңы келген бийлик коррупция жана уюшкан кылмыштуу топ менен күрөшүү боюнча жасап жаткан иштерин көргөзүү үчүн, саясий пиар компания жасоого аракет кылган деп эсептейм. Анткени адам кылмыш кылган болсо, анда кылмышын далилдеп, анан камашы керек да. Адамды камап коюп, анан ага берене издеп, «минтиптир-тигинтиптир» деген туура эмес. Камчы Көлбаев эмне кылмыш менен отурганын мына эми азыр айтып жатат. Эмне үчүн кайсы берене боюнча камалганын дароо айткан жок? Ошондуктан бул шоу экенин дагы бир жолу тастыктап жатат». 

Активист Мавлян Аскарбеков Камчы Көлбаевдин камактан бошотулушу бийликтин беделин толук кетирип, «криминалдарга каршы күрөшөм» деген убадага болгон ишенимди жокко чыгарып жатканын айтат. Ал Көлбаев кандай жол менен бошотулбасын, бул тиешелүү органдардын аброюна чоң шек келтирип, кыргыз элинин үмүтүн өчүрөт деген пикирде.

«Буга чейин элде кандайдыр бир ишеним, үмүт пайда болгон. Себеби бүгүн криминалдык чөйрөдө бизнес, жеке адам тургай, мамлекеттик деңгээлдеги иштерге, шайлоого аралашып, өзүнүн катарына, көзөмөлүнө алуу аракети болуп жатат. Коррупция мамлекетти кандай талкаласа, криминалдык элементтер да алардан кем калбаган деңгээлде талкалайт». 

Жарандык активист Семетей Талас уулу кримтөбөл Камчы Көлбаев баштаган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн камалышын, бошотулушун элдин көңүлүн убактылуу окуяларга алаксытуу катары баалайт.

«Бүт нерсенин баары эле шоу болуп жатат.  Уламдан-улам бир окуяга элдин көңүлүн алаксытуу. Камап коюп, кайра чыгарып коюп, анан мамлекетке бир аз акча түштү деп коюп. Эл улам аны алкамыш болот. Анан дагы бирөөнү кармамыш болот. Дагы бир жаңылык болот. Өздөрү байлык топтоп бүтмөйүнчө ушинте беришет го дейм. Буга болгону «уюшма кылмыштуу топ түзгөн» деген кине коюлушу мүмкүн. Анан керек болсо, «биздин көзөмөлдө болот, профилактикалык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп турабыз» деп, эркиндикке чыгарып коюшу мүмкүн да эми». 

Ал ортодо Американын Кыргызстандагы элчилиги баңгизат сатуу, адам сатуу, курал-жарак сатуу жана башка коркунучтуу кылмыш иштери менен алектенген, эл аралык уюшкан кылмыштуу топтун башчысы, киши өлтүрүү үчүн жоопко тартылган Камчы Көлбаевдин бошотулгандыгына байланыштуу тынчсыздануусун билдирди. Анда Камчы Көлбаевдин баңгизаттарын сатуу тармагы Борбор Азияда, Орусияда жана Европада балдарды ууландырып келгендиги, ушул себептен АКШнын Мамлекеттик департаменти анын кылмыштуу тармагынын бузулушуна алып келген маалымат үчүн 1 миллион долларга чейин сыйлык сунуш кылгандыгы айтылат.

Жакында эле Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) жетекчилиги менен болгон жолугушууда элчи Лу АКШнын кыргыз укук коргоо органдарынын Көлбаевдин ишин иликтөө жана сот алдында жоопко тартуу аракетин колдоо боюнча АКШнын милдеттенмесин кайталаган эле.

Кошумчалай кетсек, Камчы Көлбаев Кыргызстанда «мыйзамдагы ууру» атыгып, уюшкан кылмыштуу топтун башчысы катары таанылган. Ал киши өлтүрүү, курал-жарак сатуу, мыйзамсыз курал алып жүрүү кылмыштарына катышкан деп айыпталып, 2000-жылы 25 жылга эркинен ажыратылган.

Анын жети жылын өтөгөн соң, мунапыстын негизинде жаза мөөнөтү кыскартылып, 2008-жылы бошоп чыккан.

Эске салсак, ИИМ буга чейин Кыргызстанда Камчы Көлбаев, Азиз Батукаев, Алмаз Бокушев түптөгөн үч негизги кылмыштуу топ жана 1076 субъектиден турган түрдүү топ расмий катталганын маалымдаган болчу.

Copyright © 2017 Maral FM