Биз менен байланышыңыз

Жапаров: ЭКУ аймагында темир жол линияларын өнүктүрүү зарыл

Кыска кабар , Экономика | 5 Мар 2021 | 1085 | 0

Кыргызстан Экономикалык Кызматташтык Уюмундагы өлкөлөр менен бирге транспорттук коридорлорду өнүктүрүүгө катышууда. Бул тууралуу Президент Садыр Жапаров ЭКУнун видеоконференция форматында өткөн 14-саммитинде билдирди. Ал Кыргызстан үчүн ЭКУнун алкагындагы кызматташуунун приоритеттүү багыттарын атап, алардын бири транспорт тармагын өнүктүрүүгө кызыкдар экенин айтты.

«Кыргызстан ЭКУнун башка өлкөлөрү менен бирге Чыгыш-Батыш жана Түндүк-Түштүк транспорттук коридорлорун өнүктүрүүгө катышууда. Бул Борбор Азия өлкөлөрүнө, анын ичинде Кыргызстанга, Ирандын аймагы аркылуу ачык деңиздерге чыгуу мүмкүнчүлүгүн берет. Ошондой эле биз ЭКУнун транспорт жана коммуникацияны өнүктүрүү боюнча программасына кирген өлкөлөрдүн транспорттук каттамдарын Европанын жана Кытайдын тышкы базарларына чыгууга байланыштырган темир жол курулушунун долбоорлорун илгерилетүүгө өзгөчө маани беребиз», — деп белгиледи Жапаров.

Ал ошондой эле ЭКУ аймагында жаңы темир жол линияларын куруу боюнча долбоорлорду жүзөгө ашыруу, анын ичинде Кыргызстан, Өзбекстан аркылуу Кытай менен чек арага чейин жаңы темир жолдун долбоорун ишке киргизүү зарылдыгын белгиледи.

ЭКУ өлкөлөрүнүн ортосунда энергетикалык ресурстардын соодасын кеңейтүү зарылчылыгын баса белгиледи.

«Энергетиканын өнүгүшү көптөгөн жылдар бою экономикалык өсүшкө мүмкүнчүлүк түзөт. Мисалы, бүгүнкү күндө төрт өлкө — Кыргызстан, Тажикстан, Ооганстан жана Пакистан «CASA-1000» долбоорунун бардык объектилеринин курулушун баштады. Бул долбоор Борбордук Азия жана Түштүк Азия үчүн аймактар аралык электр энергия рыногун түзүүнү, ошону менен бүтүндөй континент боюнча электр соодасын өнүктүрүүнү көздөйт», — деп айтты Садыр Жапаров.

Ошону менен бирге өлкөлөрдүн ортосунда айрыкча туризм тармагындагы кызматташтык барган сайын активдешип жаткандыгын өзгөчө белгиледи.

«Биздин чөлкөмдүн өлкөлөрү маанилүү туристтик-рекреациялык потенциалга ээ. Кыргызстан бардыгыбыз үчүн керек болгон туризмдин келечектүү багыттары боюнча кызматташууну өнүктүрүүгө жардам берет. Белгилүү болгондой, Кыргыз Республикасынын Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын 2014-2016-2018-жылдары өткөрүү демилгеси дүйнөлүк коомчулук тарабынан чоң кызыгуу менен кабыл алынган. 2021-жылга Түркияда пландаштырылган кийинки Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары жогорку деңгээлде өтөт деп терең ишенебиз».

 

Copyright © 2017 Maral FM