Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясы Жогорку Соттун төрайымы Гүлбара Калиеваны жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук берди. Мындай чечим кечээ, 4-мартта кабыл алынды. Жыйынга Калиева келген эмес. Ал ооруп жатканы боюнча тастыктама берип, жыйынды башка күнгө жылдырууну өтүнгөн.
Тартип комиссиясы Калиеванын катышуусу жок иш алып барып, төмөндөгүдөй чечим чыгаргандыгын комиссиянын төрагасы Марат Осмонкулов билдирди:
«Башкы прокурор Курманкул Зулушевдин Жогорку Соттун төрайымы Гүлбара Калиеваны кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартуу жөнүндөгү сунуштамасы канааттандырылсын. Жогорку Соттун төрайымын «Коррупция» кылмыш белгилери боюнча кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга Тартип комиссиясынын макулдугу берилсин».
Ошондой эле Тартип комиссиясы Калиеваны тергөө аяктаганга чейин кызматынан четтетүүнү президент Садыр Жапаровго сунуштады.
Тартип комиссиясы 2017-жылы Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык түзүлгөн, көз карандысыз коллегиалдуу орган болуп саналат. Сотторду жоопко тартуу же алардын көз карандысыздыгын бекемдөөнү камсыздаган институт катары иш алып барат.
Тартип комиссиянын отуруму түз, ачык көрсөтүлдү. Бул мыйзамда бекитилген процедура жана ал түз эле абакка алып баруучу эмес, жоопко тартуучу процесс экендигин Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Жээнчороев билдирди.
Анын пикиринде, юридикалык жоопкерчиликке тартылууга тийиш болгон башка соттор деле ушундай процесстен өтөт. Мыйзам боюнча кылмыш иши ачылса, Тартип комиссиясы уруксат бермейинче, Жогорку Соттун төрагасына тургай, жөнөкөй сотторго да кылмыш иши козголбойт.
«Бул мыйзамда көрсөтүлгөн процедура, мыйзамда бар. Эгерде анын ичинде кандайдыр бир жол-жоболор бузулган болсо, мен ойлойм, ошол жоболор боюнча сотко даттанып, процесс бузулганын аныктаса болот. Анткени Тартип комиссиясынын бардык отуруму жабык эмес, ачык болду. Анын ичинде кандай процедуралар бузулуп-бузулбаганын, кимдин укугу кандай бузулду, отуруп талдоо керек. Бул сот отуруму эмес, Калиева катышып, актыгын далилдеп берсе болмок. Бирок ал жерде менин оюмча, иш боюнча документтер каралды. Документтердин негизинде айтылган айыптар боюнча далилдер барбы-жокпу, жоопко тартса болобу-жокпу, ошол маселе каралды».
Жогорку Соттун төрайымы Гүлбара Калиева Тартип комиссиянын чечимин мыйзамсыз деп баалады. Буга чейин да Калиева өзүнө коюлган айыптарды четке кагып келген. Өткөн жылдын 29-декабрында маалымат каражаттарынын биринин түз эфиринде Жогорку Сотту санарипке өткөрүү долбоорун Европа Биримдиги ишке ашыргандыктан, ага кийлигишүү болбогонун, жеке өзү эч кандай документке кол койбогонун айткан болчу.
Ал эми саясат талдоочу Алмазбек Акматалиев учурда бардык процедуралар мыйзамдын негизинде жүрүп жаткандыгын, күнөөсү аныкталса, ким болбосун мыйзам алдында жооп бериши керектигин айтат.
«Күнөөлүү болсо, анысы далилденсе, жооп бериши керек. Менин оюмча, ушундай саясат жүрүп жатат бүгүнкү күндө. Калиеванын мисалы жалгыз эмес. Мурунку кызматкерлер, финполдун жетекчилери кармалып, керек болсо азыркы бийлик өздөрү дайындаган адамдар кармалып жатат. Булар эми шектүүлөр да. Азыр эми соттор деле ачык иштеп жатат. Ошондуктан далилдери жок болсо — бошоор, далили болуп калса — соттолоор. Биз ошого көнүшүбүз керек».
УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев 2020-жылы 24-декабрда журналисттерге маалымат берип жатып, Жогорку Сотто «Жергиликтүү сот» автоматташтырылган маалыматтык системасын ишке ашыруу боюнча коррупциялык схема аныкталганын, ага төрайым Гүлбара Калиеванын тиешеси бар экенин, эгер Тартип комиссиясы макулдугун берсе, камакка алынарын айткан.
Аталган коррупциялык иштер боюнча схема негизсиз болуп, далилденбей калса, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет жооп бериши керектигин Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Кеңешбек Дүйшөбаев билдирди.
«Бүгүнкү күндө айтылып жаткан божомолдор текшерилип чыгышы керек. УКМК текшерип, ушундай далил бар дегенден кийин, жагдайларды толук текшерип, аягына чыгып, мыйзамдуу түрдө соттобу, башка инстанциялардабы, каралганга мүмкүнчүлүк бериш керек. Эгерде негизси болуп, далилденбей калган болсо, албетте Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет жооп бериши керек».
Соттор — бүгүнкү күндө өлкөдөгү эң негизги көйгөйлөрдүн бири. Жөнөкөй адамдар болобу, ишкерлерби, саясатчылар болобу, баары адилетүүлүктү көп убакта сатып алууга туура келип жатканы айтылып келет. Соттор өздөрү чечим чыгара албай, баары бийликтин көзүн карап калгандыгы сынга кабылып келет.
Калиеванын кармалышы толугу менен символикалуу. Бизде сот системасынын чирип, талкаланып бүткөнүнүн далили болуп эсептелинет. Бирок ошол эле учурда Жогорку Соттун төрайымына кылмыш иши козголуп, жоопко тартылышы — коркунучтуу жагдай. Себеби соттор буга чейин көз каранды болуп келсе, эми андан бетер көз каранды болуп калды. Жогорку Соттун төрайымы жоопко тартылып жаткандан кийин, калган соттордун бардыгы толугу менен укук коргоо органдарына баш ийүүгө, алардын айткандарынан чыкпай аткарууга мажбур болушат. Өзгөчө УКМКнын айткандарынан чыкпай турган болот. Мындай пикирин экс-депутат Равшан Жээнбеков билдирди.
«Эл аралык деңгээлде Жогорку Соттун төрайымынын УКМК тарабынан жоопко тартылышы бул бизде сот органынын бийлик катарында туруктуу эмес экендигин, жараксыз экендигин, укук коргоо органдарына мындан кийин да баш ийе тургандыгын көргөзөт. Козголгон кылмыш ишинин фактыларын деле көрдүм, болбогон майда-чүйдө иш экен. Албетте укук бузуу кандайдыр бир деңгээлде болушу мүмкүн. Себеби укук коргоо органдарына жана сотторго да толугу менен ишене албайм. Алар бирөөнү күнөөлүү деп жатса, аларды мен күнөөлүү деп айта албайм. Анткени бизде бардык нерсени уюштурса болот».
28-декабрда Башкы прокуратура Калиеваны жоопкерчиликке тартуу үчүн Тартип комиссиясына кайрылган. Бирок төрайымдын ден соолугуна байланыштуу комиссиянын отуруму бир нече жолу жылдырылган.
Ал эми 3-февралда УКМК Калиевага карата экинчи сотко чейинки өндүрүштү баштаган. Атайын кызмат Калиеваны жана Свердлов райондук сотунун экс-төрайымын «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга» шектеген. Тергөөнүн версиясы боюнча, шектүүлөр интернетте сот бийлигинин айрым өкүлдөрүн басмырлаган видеолорду жайылтышкан.