Биз менен байланышыңыз

УКМК: Садыр Жапаровдун аккаунтун бузуу чет өлкөдө болгон

Кыска кабар | 4 Мар 2021 | 632 | 0

Президент Садыр Жапаровдун «Фейсбук» социалдык тармагындагы аккаунтун бузуу чет өлкөдө болгон. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет маалымдады.

Учурда бул факт боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүп жатканы айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, кечээ «Азаттыктын» «Фейсбук» баракчасындагы кабарга Садыр Жапаровдун аккаунтунан депутат Дастан Бекешевге карата кемсинткен комментарий жазылган болчу. Ал коомчулукта катуу нааразычылык жараткан.

Бул боюнча Президенттин маалымат катчысы Галина Байтерек билдирүү таратып, аккаунтту бузуп кирүү болгонун маалымдаган. Садыр Жапаров өзү да бул бирөөлөр тарабынан атайын жасалган иш экенин, учурда социалдык тармактарда отурууга убактысы жоктугун жазган.

Байтерек: Президенттин аккаунтуна хакердик чабуул болуп, комментарийлер жазылган

Copyright © 2017 Maral FM