Биз менен байланышыңыз

Маратбек Чолпонкулов «Кыргызалтынга» башчы болду

Кыска кабар | 4 Мар 2021 | 624 | 0

Маратбек Чолпонкулов «Кыргызалтын» ААКнын башчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу ишкананын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Чолпонкулов «Кыргызалтындын» директорлор кеңеши тарабынан тандалып алынган.

Чолпонкулов Маратбек Абжалбекович — 1962-жылы 28-августта туулган. Билими жогорку. 1986-жылы Фрунзе политехникалык институтунун тоо иштерин автоматташтыруу жана электрлештирүү факультетин «тоо инженер-электриги» адистиги боюнча аяктаган.

«Кыргызалтындын» ага чейинки төрагасы Эльмырза Үкүбаев пара талап кылууга жана пара алууга шектелип кармалган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM