Биз менен байланышыңыз

Казакстандан аткез товар алып өтүүгө аракет кылгандар аныкталды

Кыска кабар | 4 Мар 2021 | 470 | 0

Кыргыз-казак чек арасындагы көзөмөл-өткөрмө пункттары аркылуу аткез товар ташып кирүүгө аракет жасагандар аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирди.

Алсак, «Ак-Тилек» көзөмөл-өткөрмө пунктунан 40 тонна аммофос (жер семирткич), 20 тонна водоэмульсия, 19 тонна чала фабрикат, 20 тонна тоок этинен фарш, 20 тонна канаттуунун этин алып өтүү аракет кылышкан. Ошондой эле «Чалдовар» көзөмөл-өткөрмө пунктунда 70 куб метр пиломатериалдын, «Чоң-Капка» көзөмөл-өткөрмө пунктунда 20 тонна полиэтилендин мыйзамсыз ташылып кирүүсү аныкталды.

Товар ташып келаткандардын коштоочу документтери жана товарды ташууга салык органынын маалымкаты болгон эмес.

Бузуу фактылары боюнча материалдар мыйзамга ылайык чараларды көрүү үчүн мобилдик топко өткөрүлүп берилди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM