Биз менен байланышыңыз

Freedom House: Кыргызстан эркиндиги чектелген мамлекеттердин катарына кирди

Кыска кабар | 4 Мар 2021 | 586 | 0

Кыргызстан Беларусия менен катар 2020-жылы саясий укугу жана жарандык эркиндиги начарлаган мамлекеттердин катарынан орун алды. Бул тууралуу 3-мартта глобалдык эркиндик боюнча «Freedom House» уюму жарыялаган баяндамада айтылат.

Анда 2020-жылдагы коронавирус пандемиясы, экономикалык кризис жана ар кыл чатактар дүйнөдөгү эркиндиктин начарлашын шарттаганы белгиленген.

«Кыргызстандын статусу «жарым жартылай эркин» өлкөлөрдүн катарынан «эркиндиги чектелген өлкөлөрдүн» катарына түштү. Буга акыркы убактардагы саясий туруксуздук, парламенттик шайлоолордун саясий баскын жана коркутуулар менен өтүшү, ошондой эле белгисиз мөөнөткө жылышы себеп болгон», — деп айтылат баяндамада.

Баяндамада эркиндик рейтингинде 73 мамлекеттин позициясы төмөндөгөн. Алардын катарына Кытай, Беларусь, Венесуэла сыяктуу авторитардык мамлекеттер гана эмес, АКШ, Индия сыяктуу «демократиясында маселе бар» өлкөлөр да кирген. Ал эми Түндүк Македония демократиялык баалуулуктарды коргоо жаатында жакшы жыйынтык көрсөткөндөрдүн сап башына чыкты.

195 көз карандысыз мамлекеттин ичинен 54ү «эркиндиги чектелген өлкө» статусун алган. Аларга дүйнө калкынын 38 пайызы туура келет.

Документте «демократиянын коргоочулары авторитардык душмандар менен күрөштө жеңилүүгө дуушар болгону» айтылган.

«Freedom House» — бейөкмөт уюм. Ал жыл cайын дүйнө мамлекеттеринде сөз эркиндигинин, глобалдык эркиндиктин абалын талдоого алып, баяндама жарыялап турат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM